Америкалык жеке-менчик компаниялар Африка мамлекеттериндеги электр тармагын өнүктүрүү үчүн жардам берет. Бул тууралуу президент Барак Обама шейшемби күнү Африка өлкө башчыларынын жана АКШ президентинин Вашингтондо өткөн саммити учурунда билдирди.
Каржылык көмөк 60 миллион айыл чарба жана өндүрүү мекемелеринин ишин жанданта турганы белгиленди.
Африка мамлекеттеринде калктын 70 пайыздан ашууну электр энергиясынын тартыштыгынан кыйналып келет. (SE)