Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Качкын макамын сураган украин жарандары арбыды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов билдирди. Анын айтымында, Украинанын чыгышындагы акыркы окуяларга байланыштуу Кыргызстандан качкын макамын алууну каалагандар көбөйдү. Учурда бул боюнча министрликтин кызматкерлери иштеп жатат.

Буга чейин аталган министрлик 5 украиналык жарандын качкын макамын берүү өтүнүчү менен Бишкекке келгенин кабарлаган.

Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр орусиячыл жикчилдерге каршы аскердик операциясын улантууда. БУУнун Качкындар иштери боюнча агенттигинин маалыматы боюнча жыл башынан бери Украинадан башка өлкөгө жер которгондордун саны 285 миң адамга чамалады.(BkA)

XS
SM
MD
LG