Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:51

Ишкер Дмитрий Цойдун камактагы мөөнөтү узартылды

“Интел линкс” компаниясынын негиздөөчүсү Дмитрий Цойдун камактагы мөөнөтү 6-сентябрга чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Цой 6-майда борбордогу №1 тергөө абагына камакка алынган. Ал 2009-жылы Ысык-Көлдө адам өмүрүнө кол салган деп шектелүүдө.

Милициянын маалыматы боюнча мындан беш жыл мурун Цойдун автоунаасы Ысык-Көлдө бир трактор менен кагышкан, ал трактордун айдоочусун сабап, тапанчасы менен бутка аткан, кийинчерээк ал адам каза болгон. Милиция Дмитрий Цойдун белгилүү спортчу Руслан Абасовдун өлүмүнө тиешеси бар-жоктугун да иликтеп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG