Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

Ажылыкка барчуларды эмдөө жүрүп жатат

Бул тууралуу Ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын башчысы Замир ажы Ракиев билдирди. Анын айтымында, грипп жана менингитке каршы эмдөө 10-августта аяктайт. Эмдөө иштерин Саламаттыкты сактоо министрлиги көзөмөлгө алып, жүргүзүүдө.

Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга ажылык үчүн 3680 орун бөлгөн. Бирок ажылыкка барууну каалагандардын саны 8 миңден ашкан. Мындан улам каттоодон өткөн адамдарды аныктоо үчүн өлкөнүн бардык аймагында чүчүкулак өткөрүлүп, барчулар аныкталды. Учурда 3560 адам зыяратка барууга даярдыгын билдирди.

Ажылык сапарга зыяратчылар 8-сентябрдан баштап аттанышат. Аларды эл аралык Fly Dubai авиакомпаниясы ташымакчы.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG