Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Орусияга санкциялардын күчөтүлүшүнөн улам Астана өз планын түзө баштады


Казак өкмөтү Орусияга карата санкциялар күчөтүлүп, Украинадагы абал жөндөлбөй жатканынан улам кошумча экономикалык чаралардын планын түзө баштады.

Бул тууралуу бүгүн Экономика жана бюджеттик болжолдоо министри Ерболат Досаев Астанада өткөн өкмөттүн кеңири жыйынында билдирди. Ага өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев катышты. Досаевдин айтымында бул план президенттин тапшырмасы менен түзүлгөн.

Жыйында Нурсултан Назарбаев өкмөт өкүлдөрүн дүйнө экономикасынын абалына кылдат байкоо жүргүзүп, экономикалык саясатты анализдеп турууга чакырды.

Назарбаевдин айтымында министрлер жана акимдер өзгөрүлүп жаткан шарттарга даяр туруулары керек.

XS
SM
MD
LG