Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:09

"Ата Мекен": кримтөбөл Көлбаев менен кызматташкандар жазалансын


Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, аталган фракцияга Ысык-Көлдөгү шайлоочулар кайрылып, облустагы бир катар жетекчилер кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү делген Камчы Көлбаев менен байланышта экенин билдирген. Шайлоочулар Көлбаев июнь айында абактан бошотулган соң чоң той берип, ага Ысык-Көл облусунун бир катар жетекчилери катышканын жазышкан.

Мындан улам фракция өкмөткө бул боюнча иликтөө жүргүзүп, Көлбаев менен кызматташкан жетекчилерди жоопкерчиликке тартууну талап кылмакчы.

Текебаев 20-августта “Ата Мекен” фракциясы жыйын куруп, өкмөттүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча отчетун угаарын кошумчалады.

2010-жылкы окуялардан кийин мамлекеттик башкарууга келген бийлик уюшкан кылмыштуулукту тыюуга убадасын берген. Күрөш этап менен жүрүп жатканы айтылып, бир катар кылмыштуу топтун лидерлери кармалган. Бирок акыркы учурда бул күрөш солгундап кеткени сындалууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG