Бүгүн Жапонияда Хиросима кайгысынын 69 жылдык эскерүү иш-чаралары өтүүдө.
Алардын биринде сүйлөп жатып Казуми шаарынын мэри Мацуи АКШ президенти Барак Обаманы жана башка дүйнөлүк лидерлерди Хиросимага келип, бомбалоонун кесепеттерин көрүп кетүүгө чакырды.
Жапониянын бул шаарына дүйнөлүк экинчи согушта ташталган бомбадан 140 миңден ашык адам набыт болгон. Бул кайгылуу окуяны эске салган азем жыл сайын өтөт.
Өлкө премьер-министри Синдзо Абэнын айтымында, Япония өзөктүк куралдан жапа чеккен жалгыз өлкө катары бул массалык өлүмгө алып келген куралдын толугу менен жоготулушун көздөйт.
Хиросимадан кийин 9 августта Нагасаки шаарына ташталган атом бомбасынан 70 миң адам көз жумган.