Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

УКМК Ооганстанда кармалган кыргыздын чоо-жайын текшерүүдө


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ооганстанда терроризмге шектелип кармалган кыргыз жараны боюнча маалыматты текшерүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов кабарлады. Анын айтымында, атайын кызматтын Ооганстанда иш жүргүзгөн “Кыргыз калканы” аттуу уюм тууралуу кабары жок. Учурда бул боюнча маалымат териштирилип, такталып жатат.

Буга чейин Ооганстандын коопсуздук күчтөрү өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Бадахшан аймагында бир тажик, бир кыргыз жана эки ооган полиция кызматкери террористтик иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалганы кабарланган. Кармалган кыргыз жараны “Кыргыз калканы” аттуу уюмдун мүчөсү экенин айткан. Кармалгандар Ооганстандын түндүгүндө терракт иштерин уюштурууга камданып жатышканын моюнга алышканы да кабарланган. (BkA/KJ)

XS
SM
MD
LG