Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:15

Эрдогандын түз эфирдеги сөзү сынга кабылды


Түрк премьер- министри Режеп Тайип Эрдоган 5- августта телеканалардын бирине берген маегинде оппозиция аны ар кандай сөздөр менен каралап келатканын айтып нааразыланды:

- Мени грузин, атургай армян деп да аташты. Менден башка саясатчы мындай маскаралоону көтөрө алмак эмес, - деди ал.

Бул билдирүү 10-августта өтө турган президенттик шайлоого бир нече күн калганда жасалды. Эрдогандын сөздөрү катуу сындалып, оппозициядагы депутаттардын бири аны расалык жек көрүүнү козутууда деп айыптады.

Армяндар менен түрктөрдүн ортосундагы тирешүү Биринчи Дүйнөлүк согуштан бери уланып келет.

Армян бийликтери Осмон империясындагы бир жарым миллион армяндын кырылышын Түркия геноцид деп таануу керек деген талапты коюп келет.

Анкара геноцид фактысын четке кагып, жүз миңдеген армяндар согуш учурунда жана ачкачылыктан каза болгон деп басым жасап келатат.

XS
SM
MD
LG