Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:16

“Эбола” вирусунун курмандыктары миңге чукулдап калды


Батыш Африкада кулач жайган “Эбола” вирусун жуктуруп алган 932 адам каза болду. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул илдетти жуктургандар 1700дөн ашканын кабарлады. Алардын көбү Либерияда. Азырынча ооруга каршы дары табыла элек.

Шаршемби күнү саламаттыкты сактоо жаатындагы эксперттер “Эбола” вирусу менен күрөшүү жолдорун талкуулоо үчүн Женевада шашылыш жыйынга чогулушкан.

Дарт жуктуруп алгандардын арасында чет элдиктер да бар. Мурдараак ооруну илештирип алган эки америкалык мекенине жөнөтүлгөн. Аларга эксперименттик дары-дармектер колдонулууда. Бүгүн испаниялык саякатчы Мигел Пахарес да өлкөсүнө эвакуацияланат.

Февралда тутанган “Эбола” тумоосу Батыш Африканын Cьера-Леон, Гвинея, Нигерия жана Либерия өлкөлөрүндө жайылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG