Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Ош, Баткен жана Жалал-Абадда интернет ылдамдыгы эки айда жакшырат


Кыргызстандын түндүк аймагынан түштүк жергесине жер алдынан “ВОЛС”(оптикалык була) - телефон жана интернет кабель магистралын куруу иштери 2 айдын ичинде жыйынтыкталат. Бул тууралуу “Кыргызтелеком” компаниясынын вице-президенти Уран Эсенгелдиев “Азаттыкка” билдирди.

Жер алдынан кабель өткөрүү 2008-жылы башталган. Учурда Токтогулдагы Чычкан капчыгайына жетти.

Интернет кабели 1800 км. жерге тартылды. Ушул күндөру Талас облусу менен Жалал-Абад облусун байланыштыруу үчүн Атырой ашуусунда да иштер жасалууда. Магистралды бүтүрүү үчүн дагы 50 км. калды.

Долбоордун каражаты 14 млн. 800 миң долларды түзүп, аны “Huavei Technolojies” кытай компаниясы жүргүзүүдө. Аталган магистраль ишке кирсе, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы интернеттин ылдамдыгы тездейт.

XS
SM
MD
LG