Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:05

Оторбаев Масимов менен чек арада кармалган мунай маселесин талкуулады


Бул тууралуу кыргыз өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө талкуулаган. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, cүйлөшүү жүрүшүндө Оторбаев бул маселенин тез арада чечилерине ишенимин билдирди.

Орусиядан Казакстан аркылуу Кыргызстанга ташылып келаткан 500гө жакын вагон күйүүчү май “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери кармалып турат. Казакстандын бажысы 26 миң тоннага жакын күйүүчү майдын документи толук эмес деген жүйө менен кармоодо. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер бирикмеси бул маселе боюнча кыргыз жана казак өкмөтүнө бир нече жолу кайрылган. Бирок маселе чечилбей келет. Өткөн ай соңунда орусиялык “Роснефть” компаниясынын жетекчиси Игор Сечин да бул маселени тезинен чечүү өтүнүчү менен казак өкмөтүнө кат жолдогону белгилүү болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG