Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Түндүк-түштүк кошумча жолун курууга каражат изделүүдө


Түндүк-түштүк кошумча жолунун экинчи фазасын каржылоого каражат изделүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолдун экинчи фазасын бүтүрүү үчүн 450 миллион доллар керектелет. Азыр бул каражатты табуу үчүн Кытайдын Экспорт-импорттук банкы баштаган бир нече финансылык институттар менен жеңилдетилген насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Министрлик бул жолду 2017-жылы бүтүрүүнү мерчемдөөдө.

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек-Ош жолуна катарлаш түштүк менен түндүктү байланыштырчу жаңы жол куруу демилгесин көтөргөн. Апрель айында жолдун курулушу башталган. 460 чакырымдан ашык жолдун курулушуна алгач 700 миллион доллар сарпталат деп эсептелген. Кийин кайрадан эсептелип, 800 миллион долларга жакын каражат жумшалары белгилүү болгон. Буга чейин жолдун биринчи фазасын бүтүрүү үчүн Кытайдын "Экспорт-импорт" банкынан 400 миллион доллар насыя алынган.(BkA)

XS
SM
MD
LG