Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

"Кумтөр" боюнча өкмөт деңгээлинде сүйлөшүү жүрбөй жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызалтын” ишканасынын президенти Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, ишкананын мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаров камалган соң, “Центерра Голддун” башчылары Кыргызстанга келип сүйлөшүүдөн баш тартты. Алар сүйлөшүүнү Стамбулда же Алматыда өткөрүүнү сунуштаган. Бирок кыргыз тарап аны четке какты.

«Центерранын» жетекчилиги сүйлөшүүнү Стамбулда же Алматыда өткөрөлү деген сунуш берди. Биз андан дароо баш тарттык. Биз эмне Казакстан же Түркия менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабызбы. Андай болушу мүмкүн эмес", - деди Мамытов.

Ошондуктан кен боюнча кошумча келишимдерди даярдоо учурда эксперттер деңгээлинде гана жүрүп жатат. Буга чейин «Центерранын» эксперттери келишим боюнча өз сунуштарын берген. Токон Мамытов ал сунуштар да Жогорку Кеңеш жыл башында жактырган меморандумга каршы келип жатканын кошумчалады.

Быйыл февраль айында Жогорку Кеңеш "Кумтөр оперейтинг" компаниясында үлүштү 50 пайызга бөлгөн биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырып берген. Андан кийин дагы 10дон ашык кошумча келишим түзүлүүгө тийиш эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG