Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Либерияда эболага каршы өзгөчө кырдаал жарыяланды


Батыш Африкада эбола оорусун жугузуп алган испан жараны 7-августта Мадридге аскерий учак менен кайтып келди. Мигуэл Пайарес Либерияда ооруканада диниятчылык кылчу. Ай башында АКШнын эки жараны Либериядан алып келинип, аларга мурда сыналбаган жасалма кан куюлган. АКШда жасалган дарыдан алардын абалы бир кыйла жакшырган. Бирок 6-августта президент Обама эксперименталдык дарыны Батыш Африкага жөнөтүү али эрте деди. Эболадан бүгүнгө чейин миңге жакын адам өлдү. Коркунучтуу вирусту жуктаргандардын саны 1700дөн ашты. Алардын көбү Либериядан. Азырынча ооруга каршы дары табыла элек.

Либериянын президенти Жозеф Бокай 6-августта кечинде Вашингтондо журналисттер менен кездешүүдө эбола вирусунан улам өлкөдө чукул кырдаал абалы жарыяланганын билдирди: “Доктурларга кол салынгандыктан, алар кеселдерге жете албай жатат. Биз карапайым адамдардын кыймылын да чектеп, оорунун жайылышын көзөмөлдөөгө аракет кылуудабыз. Чукул кырдаал абалы жагдайды натыйжалуу жөнгөргөнгө мүмкүндүк берет деп ойлойм.”

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги жарандарды коркунучтуу вирус катталган Cьера-Леоне, Гвинея, Нигерия жана Либерияга убактынча барбай турууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG