Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Ошто суюлтулган газ пайдалануу боюнча баракчалар таратылат


Ошто шаар тургундарына суюлтулган газды пайдалануу эрежелери жазылган баракчалар таратылат. Аны Ош мэриясы “Газпром” ишканасынын шаардык бөлүмү менен биргеликте ишке ашырат.

Апрель айында Өзбекстан газ берүүнү токтотуп койгондон бери калаа көгүлтүр отсуз калып, жашоочулар суюлтулган газды пайдалануу ыкмасына өтө баштады.

Учурда аймакта суюлтулган газ сатуучу ондон ашуун жайлар иштеп жатат.

Ошто 60 миңдей газ абоненти бар. Аларга болжол менен 16 миң тоннанын тегерегинде суюлтулган газ керектелет. (ErN)

XS
SM
MD
LG