Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Бишкекте диний экстремизмге каршы үгүт жүрүп жатат


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Бишкектеги жаңы конуштарда диний экстремизмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Сентябрга чейин улана турган өнөктүктө казыяттарда иштеген дин аалымдары тургундар менен жолугуп, исламдагы радикалдашуунун зыяндарын айтып беришет жана салттуу исламдын жол-жоболорун түшүндүрүшөт.

Жолугушуулар “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу” президенттин жарлыгынын негизинде жүргүзүлүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG