Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

Ванда уурдалган кыргыздар бошотулду


Түркиянын Ван аймагында уурдалган кыргыз тектүү эки жаран бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Вандагы кыргыздар жашаган Улуу Памир айылынын башчысы Касымбек Варол кабарлады. Анын айтымында, уурдалган Изат Өндер жана Орхан Акжол кечээ кечинде бошотулду. Учурда абалы жакшы. Алардын кандай жагдайда кармалганы азырынча белгисиз бойдон калууда.

Кыргыз тектүү эки жаран 6-августта уурдалган.

Түркиядагы айрым маалымат булактары аларды күрттөрдүн жикчил террордук уюмунун мүчөлөрү барымтага алганын жазып чыккан болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG