Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Обама Ирактагы аба соккуларга уруксат берди


Барак Обама «Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети» радикалдык уюмунун очокторуна абадан сокку урууга санкция берди.

Президент ошондой эле исламчыл радикалдар басып алган аймактардан качып чыккан бозгундарга суу, тамак жана башка гуманитардык жардамдарды жеткирүүнү буйруду.

Бул тууралуу ал бейшемби күнү америкалыктарга болгон телевизиондук кайрылуусунда билдирди.

Президенттин айтымында аба соккулардын максаты - экстремисттерге Эрбил шаарын басып алууга тоскоол кылуу, ал жактагы Американын жарандарын коргоо жана Ирактын коопсуздук күчтөрүнө жардам көрсөтүү.

Обама америкалыктарды "АКШ Ирактагы жаңы согушка толук аралашпайт",- деп ишендирди.

Ал арада Ирактын түндүгүнө гуманитардык жардам келе баштады.

Бул чечимдер исламчыл радикалдар өлкөнүн түндүгүндө күрттөрдүн карамагындагы үч калк жайгашкан пункттарды басып алгандан кийин Ак үйдө талкууланып, кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG