Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Кыргызстанда “Тулпар” деп аталган автоунаа даярдалды


Кыргызстанда “Тулпар” деген марка менен эксклюзивдүү автомашина жасалды. Дизайнер Медер Койлубаев башында турган чыгармачыл топ буга чейин “Ламборжини” унаасынын макетин жасап элге таанылган. Алар бул жолу “Тулпар” деген ат менен эксклюзивдүү автомашинаны толугу менен колго курап чыгышты. Дизайнерлердин буга чейинки эмгеги жөн гана макет болсо, азыркысы бардык талаптарга жооп берген кадимки автоунаа. Алар бул унаага 6 ай убакыт коротушкан. "Тулпардын" кыймылдаткычынын күчү 5,4 куб, 380 аттын күчүнө барабар. "Тулпардын" дизайны толугу менен улуттук калоритте даярдалган. 6 кишиден куралган чыгармачыл топ өз табылгасын 70 миң еврого баалап жатышат.(UEz/BkA)

XS
SM
MD
LG