Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

АКШ жана БУУ Газада атышуулар кайра башталганына кабатыр


Газа тилкеси менен Израил ортосундагы ок атышуу кайра башталганына АКШ бийлиги жана БУУ кабатыр экенин билдирди.

Жума күнү 72 сааттык гуманитардык тыныгуу соңуна чыгары менен кайрадан сокку уруулар башталган. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест тараптарды атышууну токтотууга чакырды.

Израил палестиналык согушкерлердин өлкө түштүгүнө эки жолу ракета атканын элдешүү бүтүмүн бузуу деп атады. ХАМАС уюмунун өкүлдөрү да Израил айрым талаптарды аткарбай жатканы үчүн мындан ары элдешүүгө барбай турганын эскертти.

8-июлдан бери уланып жаткан согуш палестиналык миңден ашуун жайкын тургундун өмүрүн кыйды.

XS
SM
MD
LG