Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Түркия бүгүн президентин шайлайт

Бүгүн Түркия мамлекети биринчи жолу президентин түз добуш берүү аркылуу шайлайт. Буга чейин президент парламент аркылуу шайланып келген.

Мамлекет башчылыгына 3 талапкер ат салышууда. Алар азыркы премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган, оппозициядан бирдиктүү талапкер катары Экмеледдин Ихсаноглу жана күрттөрдүн элдик демократиялык партиясынан Селахаттин Демирташ.

Эгер 1-турда талапкерлердин бирөө да жетиштүү добуш топтой албаса, 2-тур 24-августта өтөт.

Коомдук сурамжылоо жыйынтыктарына таянсак, Эрдоганды шайлоочулардын 55 пайызы, ал эми Ихсаноглуну 35 пайызы колдойт.

XS
SM
MD
LG