Өлкө боюнча топтолуп жаткан малдын кышкы тоюту былтыркыга салыштырмалуу 200 миң тоннага аз. Бул тууралуу айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев билдирди. Анын айтымында? тоют көлөмүнүн азайышына кургакчылык себеп болгон.
- 2013-жылы өлкө боюнча 1 млн. 300 миң тоннадан ашык тоют даярдалган. Азыр болсо 1 млн. 100 миң тоют камдалып жатат. Бирок бул цифралар тоют тартыш дегенди билдирбейт. Анткени кышка даярдагнууга дагы убакыт бар,- деди Айдаралиев.
Адистердин баамында, тоют быйыл жылдагыдан тартыш болуп, мал баасынын арзандашына алып келет. Учурда көп жылдык чөптүн бир таңгагы 150 сомдон 250 сомго чейин сатылууда.(UEz)