Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Кытайдагы автокырсык ондогон туристтин өмүрүн алды


Тибетте 50 кишилик автобус жардан кулап, 44 турист көз жумду. Кытай маалымат каражаттары кабарлагандай, аталган жол кырсыгында 11 адам жараат алды. Автокырсык 9-августта Тибеттен 100 чакырым алыстыктагы Лхас шаарында катталган.

Чет элдик туристтерди ташып бараткан автобус жолдон эки унаа менен кагышкан соң жардан кулаган. Полиция туристтик агенттиктин жана транспорттук компаниянын менеджерлерин колго түшүрдү.

Акыркы жылдары Тибетте саякаттоону каалаган туристтердин саны арбыган. Бирок жамгырлуу күндөрү Тибеттин жолдору туристтер үчүн өтө опурталдуу.

XS
SM
MD
LG