Алардын арасында Казакстандын эки компаниясы бар. Калгандары жергиликтүү компаниялар. Бул тууралуу Улуттук электр станциялар акционердик коомунун тендер комиссиясынын мүчөсү Качкын Булатов билдирди. Анын айтымында, Казакстандан 42 млн. долларга 630 миң көмүр сатып алыныш керек. Ал эми Кыргызстандан 680 млн. сомго 350 миң тонна алынууга тийиш. Тендердин жыйынтыгы ушул жумада жарыяланышы күтүлүүдө. (AiT)