Сауд Арабияда чет өлкөлөрдөгү коогалаңдуу аймактардагы согушка катышкан деп айыптап, төрт жаран боюнча алгачкы өкүмүн чыгарды. Өкмөттүк Сауд Пресс агенттигинин кабарлашынча, Эр-Рияд шаарынын террорчулукка байланыштуу иштерди карачу криминалдык соту букараларды 4 айдан 34 айга чейин эркинен ажыратты. Бул төрт жаран жасалма паспорт жасаган жана башкаларды чет элге казатка барууга шыктандырган деп да айыпталууда. Саудия падышалыгында 2014-жылдан тарта чет өлкөлөрдөгү согушка катышкан жарандарды 20 жылга чейин түрмөгө кесүү жөнүндө мыйзам киргизилген.
Жергиликтүү булактардын кабарлашынча, алар Сирия президенти Башар Асаддын режимине каршы күрөшкөн жихадчылар менен байланышта болгон.