Линктер

шейшемби, 26-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:13

Теринин рак оорусуна чалдыккан Бахтиярдын абалы оор


Теринин рак оорусуна чалдыккан 8 жашар Тынчтыкбек уулу Бахтиярдын абалы өтө оор. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Анын айтымында, Бахтияр операция жасатуу үчүн Москвага апасы менен 29-июлда келген.

Учурда анын абалы оор. Операция кылууга көп акча керек экен. Азыр элчилик алардын тамак-ашына, жатаканасына жардам берип жатат. "Анализ тапшырганга эле бир топ каражат кетти", - деди Кулукеева.

Бахтияр бул илдет менен 2 жашынан бери алпурушуп келет. 2011-жылдагы автокырсык анын оорусун ого бетер күчөткөн. Анын операциясына 30 миң доллар акча керек. (UEz)

XS
SM
MD
LG