Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Орусиядагы эмгек мигранттары сентябрдан баштап сынак тапшырат


Орусиядагы эмгек мигранттары 1-сентябрдан тарта орус тили, тарыхы жана Орусия мыйзамдары боюнча сынак тапшыра баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады.

Анын айтымында, 2013-2014-жылдары Орусия миграциялык саясатына биртоп өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык орус тилин, тарыхын жана орус мыйзамдарын билүү деңгээли боюнча мигранттар сынак тапшырууга милдеттендирилет.

- Биздин мигранттарыбыз ишке уруксат кагаз алууда сөзсүз түрдө жогорудагы предметтер боюнча тапшырган сынагы боюнча сертификат алып келиши керек. Аталган сынактарды Орусиянын Билим берүү министрлиги тарабынан уруксат берилген жогорку окуу жайларда гана тапшырууга болот жана берилген сертификаттар 5 жылга чейин жарайт, - деди Кулукеева.

Мыйзамга ылайык, жогорку билимдүү адистер, студенттер, расмий катталган жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү бул сынактан өтүшпөйт.

Расмий эсепте Орусияда 570 миңге жакын кыргызстандык эмгектенет. (UEz)

XS
SM
MD
LG