Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Орусия Кыргызстанга 500 млн. доллар бөлөт


Бул каражат республиканын Бажы биримдигине кирүүсүнө жана экономикалык жактан өсүшүнө жумшалууга тийиш. Мындай макулдашууга президенттер Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин 11-августта Сочидеги жолугушууда жетишкенин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Итар-ТАСС” маалымат агенттигине билдирген. Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев президент Путин менен жолугушууда Кыргызстан 2015-жылга карай Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык биримдигине кирүү үчүн аракеттенип жатканын белгилеген. Президенттер ошондой эле Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадында ГЭСтерди курууну да сүйлөшкөн. Курулуштарды тездетүү үчүн жаңы тапшырмалар берилди. (AiT)

XS
SM
MD
LG