Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:46

Бишкектик чыгармачыл топ Алматыда чупакабра боюнча оюн коет


Бишкектик чыгармачыл жаштар Алматыда өтчү экологиялык фестивалга Кочкор районундагы чупакабра чуусу тууралуу театралдаштырылган спектакль коюшат. Бул тууралуу “705” чыгармачыл тобунун мүчөсү Айдай Токоева билдирди. Анын айтымында, экофестивал Казакстандын Алматы шаарында 22-24-август күндөрү өтөт.

Токоева Кочкор районундагы чупакабра боюнча бүгүн Бишкектин Эркиндик сейил багында дагы бир иш-чара өтөрүн кошумчалады:

- Биздин топ Кочкорго чупакабра боюнча экспедицияга барып келди. Ал жерден ошол белгисиз жандыктан жабыр тарткандар менен сүйлөштүк. Бүгүнкү иш-чарада ошол экспедициянын жыйынтыгы боюнча каалоочуларга баяндама жасайбыз, - деди жаш активист.

“705” чыгармачыл тобу өзгөчөлөнгөн иш-чаралары менен белгилүү. Буга чейин алар шаар четиндеги таштанды тоосунда кадимкидей кошок ,коомчулук көңүлүн бурган.

Июнь айында Кочкор районунда белгисиз жаныбар пайда болуп, ондогон кой-козу жана тооктордун канын соруп кеткен. Жергиликтүү бийлик алгач бул жаныбардын чупакабра экенин айтып, кийинчерээк жаныбарларга кутурган иттер кол салганын ырасташкан. (UEz)

XS
SM
MD
LG