Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Грузия өкмөтү АКШ сенаторлоруна жооп берди


Премьер-министр Иракли Гарибашвили америкалык төрт сенаторго жолдогон катында мурдагы бийликтин туура эмес иштерин иликтөө мыйзам үстөмдүгүн баарына бирдей кылуу боюнча аракеттердин алкагындагы иш экенин билдирген.

Республикачыл Жон Маккейн баштаган америкалык төрт сенатор августтун башындагы катында азыркы грузин бийлигинин мурдагы өкмөттүн мүчөлөрүн сот жообуна тартуу аракеттери көз карандысыз соттук чечимге караганда саясатка байланышкандай көрүнүп турганын жана бул кооптондурарлык көрүнүш экенин белгилешкен болчу.

Жакында грузин бийликтери мурдагы президент Михаил Саакашвилиге эки айып тагып, сот аны сырттан камоо чечимин чыгарган эле. Саакашвили өзү Грузиядан былтыр бийликтеги экинчи мөөнөтү аяктагандан кийин кетип калган. (UE)

XS
SM
MD
LG