Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Иран Ирактын жаңы өкмөт башчысын кубаттады

Ирактын негизги союздашы Иран Нури аль-Маликинин ордуна көрсөтүлгөн Хайдар аль-Абадинин өкмөт башчылыкка талапкерлигин колдоорун билдирди. Ирандын Жогорку улуттук кеңешинин катчысы Али Шамхани “премьер-министр Ирактын Конституциясына ылайык көпчүлүк коалиция тарабынан тандалды” деп белгилеген. Нури аль-Малики Ирандын колдоосун алып турган, бирок расмий Тегеран ал Иракты бириктире аларына күмөн санарын жакында эле ачыктаган эле. Кошмо Штаттар да Хайдар аль-Абадинин өкмөт башчылыкка көрсөтүлүшүн “алга кадам” катары баалаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG