Шахмат боюнча Кыргызстандын эркектер курама командасы Норвегиянын Тромсё шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк шахмат олимпиадасында ийгиликке жетишти. Бул тууралуу аталган олимпиаданын расмий сайтына жарыяланды.
Кыргызстандык шахматчылар аталган мелдештин 10-баскычында Зимбабвенин курамасын жеңип алды. Курамадагы бардык шахматчылар өз каршылаштарын утуп, натыйжада эсеп 4:0 болгон. Кыргызстандын шахмат боюнча курамасында Семетей Төлөгөнтегин, Асыл Абдыжапар, Мелис Маматов жана Болот Такырбашев ойноп жатат.
Кыргызстан ушул баскычтын жыйынтыгы менен 77 кураманын ичинен 54-орунга көтөрүлдү. Ал эми шахмат боюнча кыздардын курама тайпасы 13 орун артка кетип 136 өлкөдөн 52-орунда келе жатышат. (UEz)