Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Токтогулда 45 тонна кара куурай өрттөлдү


Райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн "Мак - 2014" операциясынын алкагында Токтогулда 540 гектар жапайы өскөн кара куурай изилденип, анын 25 гектары өрттөлдү. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Рысбек Аширалиев "Азаттыкка" билдирди.

- Табигый шартка байланыштуу Токтогул өрөөнү республикада жапайы кара куурай эң көп өскөн аймакка кирет. Ошол себептүү кара куурайды жок кылууга милиция менен катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да көмөк көрсөтүп, тургундар арасында түшүндүрүү иш-аракеттери жүрүүдө,- дейт Аширалиев.

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда баңгизатка байланыштуу 80 кылмыш иши козголуп, 300 килограмм ар түрдүү маңзат табылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG