Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Токмокто социалдык турак-жайдын пайдубалы түптөлдү


Токмок шаарында 56 батирлүү үйдүн пайдубалы түптөлүп, аталган иш-чарага вице-премьер-министр Валерий Диль баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Курулушу башталган социалдык турак-жай бюджеттик мекемелерде иштегендерге берилет. Аталган үй Кыргызстанда биринчилерден болуп жылуулукту көпкө сактаган ыкма менен салынат.

Турак-жай үчүн кезекке турган мугалимдер, врачтар алгач 300 миң сомдон төлөшкөн, үйдүн калган акчасын 15 миң сомдон 9 жылда бөлүп төлөшөт. (UEz)

XS
SM
MD
LG