Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Эбола вирусуна каршы эксперименталдык дары колдонулат


Бул жөнүндө БУУнун Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 12-августта Женевадагы жыйындан соң маалымдады. Эл аралык уюм мындай уруксатты АКШ компаниясы бардык эксперименталдык ZMapp дарыларын Либерияга жөнөткөнүн билдиргенден кийин берди. Мурда сыналбаган ZMapp дарысы эбола вирусун жуктуруп алган эки америкалыкка жана испан диниятчыга берилген. АКШ жарандары оңолуп баратканы, а испаниялык көз жумганы маалымдалган. Канада дагы эксперименталдык эбола вакцинасын Батыш Африкага жөнөтөрүн билдирди.

Эболадан бүгүнгө чейин миңден ашык адам өлдү. Коркунучтуу илдетке байланыштуу Гвинея, Либерия, Нигерия, Сьера-Леонеге кирүү чектелген.

XS
SM
MD
LG