Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Сирияга кеткен баласын издеген ата-эне президенттен жардам сурады


2012-жылдын 9-декабрында Египеттен билим алам деп кеткен боюнча дайынсыз кеткен 28 жаштагы Токмоктун жашоочусу Элнур Сардаловдун ата-энеси аны издеп табууга жардам сурап президентке кат жолдошту.

Элнурдун атасы Абдымиталип Сардаловдун айтымында, уулу алгач Стамбулга, андан кийин Египетке кеткен.

- Баламды билим беребиз деп алдап алып кетишти. Ошондон бери дайыны жок. Орусиядагы эжеси менен СМС аркылуу сүйлөшкөндө жакында Сирияга согушка аттанарын айтыптыр,- деди ал.

Сардаловдун маалыматына таянсак, Элнур 15-августта Сириядагы жарандык согушка аттанат. Алар баласынын дайынын билип берүү боюнча буга чейин УКМКнын райондук бөлүмүнө кайрылышкан.

УКМКнын маалыматына таянсак, Сирияга аттанган кыргызстандыктардын саны жүзгө жакын. (UEz)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG