БУУнун эсептөөлөрүнө караганда, акыркы эки жумада Украинадагы согушта өлгөндөрдүн саны эки эсеге жакын көбөйдү. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын өкүлү Сесил Пуйинин Рейтер агенттигине билдиришинче, 10-августка карай коогалаңда набыт болгондордун саны 2086га жетти. 26-июлда 1129 болчу. Курман болгондордун ичинде украиналык солдаттар, аскерий топтордун жоокерлери, орусиячыл согушчандар жана жарандар бар. Жарадарлардын саны 5 миңге жакындап калган.
Пуйинин айтымында, бул “өтө консервативдүү баа”.
Эсептөө украин бийликтеринен, ошондой эле жергиликтүү ооруканалардан алынган маалыматтын негизинде жасалган.