Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

АКШ Түндүк Иракка 130 кеңешчи жиберет


АКШ Түндүк Ирактагы күчтөрдүн Ислам согушчандары менен күрөшүүсү үчүн жардамга 130дан көп аскерий кеңешчи жөнөтөт. АКШ Коргоо министри Чак Хейгелдин айтымында, алар экстремистчил сунни согушчандарынан качкан бозгундарга жардам берчү миссиянын көлөмүн жана күрт пешмаргелеринин муктаждыктарын аныкташат. Күрдистандын байтакты Эрбилге жайгаштырылчу АКШнын кеңешчилери ислам экстремисттерине каршы согушка катышпайт. Буга чейин Вашингтон Багдадга 90дой аскерий адис жиберген. Эсептөөлөргө караганда, Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн эки базасында ушу тапта АКШдан 160тан ашык аскер кеңешчи бар.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG