Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:14

Мубарак: Демонстранттарга ок атууну буйруган эмесмин


Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарактын сотто айтышынча, ал 2011-жылкы антиөкмөттүк толкундоолордун катышуучуларын атканга буйрук берген эмес. Антиөкмөттүк чыгуулар анын 30 жылдык башкаруусуна чекит койгон. Мубаракты былтыр сот демонстранттарды атууга буйруган деп, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок арбитраждык сот ишти кайра каралсын деп буйруган. Ошондон кийин, Мубарак түрмөдөн чыгарылып, Каирдин четиндеги госпиталда үй камагында отурат. Эми соттун жаңы өкүмү 27-сентябрда чыгууга тийиш. Мубарак менен кошо соттолуп жаткан уулу жана башка мурдагы даражасы улук жетекчилер аларга коррупцияга аралашкан деп коюлган айыптоолорду негизсиз деп, макул болбой жатышат.

XS
SM
MD
LG