Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Евроаймактын экономикасы экинчи чейректе өспөй калды


Евростаттын эсебине караганда, быйылкы жылдын экинчи чейрегинин жыйынтыгы менен бирдиктүү акча - еврону колдонгон 18 өлкөнүн экономикасында эч өсүш болгон жок.

Евроаймактын эң ири экономикасы Германияда 0,2% төмөндөө болсо, Франция стагнацияга түшкөн.

Экономикалык өсүш токтогону тууралуу маалыматтар Еврошаркет өлкөлөрү украин кризисинен улам Орусияга каршы киргизген санкцияларынын өздөрү үчүн кесепетин эсептөөгө аракеттенип жаткан учурга туш келди.

Бөлүп караганда өсүш Евршаркеттин чыгыш тарабындагы өлкөлөрдө катталган. Латвиянын экономикасы 1%га, Венгрияныкы 0,8%га кеңейген. (UE)

XS
SM
MD
LG