Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Украин парламенти Орусияга каршы санкция мыйзамын жактырды

Өкмөткө Орусияга каршы  санкция  киргизүүгө уруксат берген мыйзамды бүгүн соңку окууда Жогорку Раданын 244 депутаты  колдоду.

Украин өкмөтү  түзгөн “кара  тизмеде” орусиялык 172  адам  жана 65 компания бар.

Расмий Киев жикчиликти колдоп жана каржылап жатат  деп санаган  ал  адамдар  менен  компанияларга каршы ар бир санкция Украинанын Улуттук коопсуздук  жана  коргонуу  кеңеши бекиткен соң күчүнө кирет.

Мыйзамдын баштапкы долбоорунда улуттук  коопсуздукка  коркунуч туудурган  медианы цензуралоого  мүмкүндүк берген жобо да бар болчу.

Бирок  адам укугун  коргоочу  топтордун сынынан  кийин алынып салынды. (UE) 

XS
SM
MD
LG