Чоожай: Апрелдин бурмаланган медэкспертизасы
7-апрелдеги ыңкылапта денесине жаракат алган деп жалган же бурмаланган медициналык корутунду чыгарткан фактылар ашкере болууда. Жабырлануучу катары өкмөттөн 50 миң сом кенемте алып, эми батир алып беребиз деген адамдар аны алдап кеткенин айткан Жолдошбек Сыргаков аттуу жаран жасалма медициналык корутунду чыгаруунун сырын ачыктады.