Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Пакистанда митингчилер өлкө борборуна багыт алышты


14-августта нааразылык акциясына чыккандар өлкөнүн чыгышындагы Лахор шаарынан Исламабадга карай жөнөштү. Алар башка тараптардан келген митингчилер менен биргеликте 15-августта Исламабадда митинг өткөрүүнү белгилешүүдө. Демонстрацияны оппозиция лидери Имран Хан жана дааватчы Тахир уль-Кадри жетектөөдө. Алар 2013-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган деп, өкмөт башчы Наваз Шарифтин кызматтан кетишин талап кылышууда. Имран Хандын айтымында, нааразылык акциясы өкмөт башчы кызматтан кетмейинче токтобойт. (AiT)

XS
SM
MD
LG