Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Исламабадга кошумча аскер киргизилди


Миңдеген антиөкмөтчүл протестчилер Исламабадга жүрүш менен киришет. Мурдаuы атактуу крикетчи, азыр саясатчыга айланган Имран Хан жана популярдуу дааватчы Тахир ул-Кадри баштаган эки топ 14-августта Лахордон чыккан. Демонстранттар өкмөттү коррупцияга аралашты, Наваз Шарифти премьер-министрликке алып келген 2013-жылкы шайлоодо добуштар бурмаланган деп күнөөлөшүүдө. Имран Хандын айтымында, Шариф премьерликтен кетип, жаңы шайлоо чакырылмайын, алар нааразылык акциясын токтотушпайт.

Исламабадда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, шаарга миңдеген кошумча аскер киргизилди. Митингге адеп ты.у салынып, бирок бийлик акыр - аягында уруксат берди. Мотицикл, автомобилдер менен келаткан нааразылар өтүүсү үчүн Исламабадга кирчү айрым жолдор ачылды.

XS
SM
MD
LG