Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Франциск корейлердин биригүүсү үчүн таат кылды


Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Франциск кореялыктарды Түндүк жана Түштүк Кореянын биригүүсү үчүн таат кылууга чакырды. Түштүк Кореяда беш күндүк сапарда жүргөн Папа Франциск 15-августта жаштар алдында сүйлөп, кореялыктар бир күнү “жеңүүчүлөрү же жеңгендери жок” бир үй-бүлөгө биригет деген тилегин да айтты. 1950-1953-жылдардагы Түндүк жана Түштүк согушунан бери эки мамлекет арасында тынчтык келишими түзүлгөн эмес. Диниятчы акыркы 40 жылда экономикасы тез өнүккөн Түштүк Кореянын элин адамгерчиликсиз экономикалык саясатты чанууга жана материализмден этият болууга үндөдү. Франциск өлкөдө бир катар диний зыяпаттарга катышат жана 18-кылымда өз ишеними үчүн өлтүрүлгөн 124 корей католикти ыйык деп жарыялайт.

Түштүк Кореяда акыркы 25 жылда католиктердин саны эки эсе же жыл сайын орточо 100 миңге көбөйгөн. Бүгүн католиктер өлкө калкынын 11% жакынын түзөт.

XS
SM
MD
LG