16-августтун таңында саат 03:15те Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды.
Бул маалыматты Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан кабарлашты. Жер титирөөнүн очогу кыргыз-тажик чек арасынан 5 чакырым алыстыктагы Карамык, Кара-Тейит айылдарында катталган. Жер титирөөнүн күчү Рихтер шкаласы боюнча 4,1 баллды түздү. Күчү 5 баллга жеткен жер титирөө кыргыз-казак чегинде да болду. Жердин силкингени Бишкек шаарында да байкалды.
Маалыматка ылайык жабыр тарткандар жок. (UEz)