Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

Нарындагы өрт дале кооптуу


Нарындагы Орток аймагынын Таш-Башат айылында өрт коркунучу жоюла элек. Бул тууралуу Орток айыл аймагынын башчысы Миртемир Турдалиев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, учурда жалындаган өрт болбогону менен чокко айланган бак-дарактардын тамыры коркунуч жаратууда.

- Өрт кечээ кечинде өчүрүлдү. Бирок 2-августта деле өчкөн от кайра жанданып кеткен. Өрттү толук өчүрүүгө шамал тоскоол болуп жатат. Тик учак жок болгондуктан өрткө каршы 300гө жакын адам иштеп жатат, - деди ал.

Анын айтымында, 2-августта тутанган тилсиз жоодон 70 гектар жердеги куураган чөп жана 30 гектардай бадал, карагай күйүп кеткен. Өрттөн жабыркагандар жок. (UEz)

XS
SM
MD
LG