Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Баткен: айланма жолдун курулушу уланууда


Баткендеги тажик айылдарын айланып өтчү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу уланып жатат. Мындан тышкары бул жолго альтернативдүү жол катары Рават - Ак-Сай жолун талапка ылайык оңдоо үчүн да кошумча каражат бөлүнөт. Мындай маалыматты Баткен райондук акимчилигинен “Азаттыкка” билдиришти.

Курулуш жүрүп жаткан Ак-Сай айылында абал туруктуу. Ички коопсуздукту милиция кызматкерлери көзөлдөп турат. Ошол эле учурда Тажикстан менен чектеш аймактарда чек араларды аныктоо боюнча жумушчу топтун өкүлдөрү чек араларды кайрадан жеринен тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Жалпы узундугу 25 чакырымдай Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу былтыр апрель айында башталган. Бирок тажик тараптын каршылыгынан улам курулуш токтоп, бир нече жолу жаңжал чыккан. Акыркы жолу ушул жылдын 11-январь күнү эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда куралдуу кагылышуу болуп, анда Кыргызстандын 6 чек арачысы жабыркаган. (JsA)

XS
SM
MD
LG