Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Жумгал: камалгандардын жакындары тергөөнүн жыйынтыгына нааразы


20-февралдагы Жумгал сотундагы башаламандыкка катышты деп камакка алынгандар тергөөнүн жыйынтыгына нааразы. Бул тууралуу камалгандардын биринин жакыны Дамира Садырбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымынд,а башаламандык милициянын айынан болгон.

- Күнөөсү жок адамдарды күнөөлүү деп жатышат. Ишти карап көрсөң ачык эле көрүнүп турат. Бул жерде кимдер уюштурганы, бензинди кимдин машинесине салып баргандары баары билинип турат, - деди ал.

Садырбаева буга чейин дагы бир нече ирет тергөөнүн жүрүшүнө нааразы болуп акция өткөргөн. Камалгандардан төртөө абакта 10 күн ачкачылык кармашкан.

Былтыр декабрда Чаек айылынын жашоочусу Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектелген жергиликтүү үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. 20-февралда окуя боюнча сот жүрүп жаткан учурда жабыркаган тарап темир тордо отурган cоттолуучуларга май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Андан жабыркаган айыпталуучулардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда качып кеткен үчүнчү милиционердин сөөгү 3 айдан кийин табылган. Облустук сот милиционерлерге өрт койгон он кишини Нарын абагына камакка алган. (TSh)

XS
SM
MD
LG